АКШ президенти Дональд Трамп футбол боюнча улуттук курама команданын матчтарын мындан ары көрбөй тургандыгын жар салды. Анын мындай чечим кабыл алуусуна АКШ Футбол федерациясынын (USSF) каршылык акцияларына колдоо көрсөтүү үчүн гимн аткарылып жатканда футболчуларга тизе бүгүп отурууга уруксат берүүсү себеп болгон.

«Мынан ары мен алардын оюндарын көрбөйм!» — деп жазып калтырган Трамп өз «Твиттер» баракчасына.

АКШ президенти Дональд Трамптын мындай билдирүүсү боюнча ФИФА: «Биз бардыгыбыз улутчулдук менен зордук-зомбулуктарга жол жок деп айтуубуз керек!»-деп билдирүү тараткан.

Белгилей кетсек, афроамерикалык Жорж Флойддун полиция тарабынан өлтүрүлүшү массалык нааразычылыктарды жаратып, андагы баш аламандыктар АКШ менен бирге Европа мамлекеттерин кучагына тарткан.