«

RMC Sport журналисти Мохамед Бухафсинин билдирүүсү боюнча «Челсини» «Брентфорд» чабуулчусу Саид Бенрахма кызыктырууда.

ММК маалыматтары боюнча англиялык клуб учурда футболчунун расмий өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок азырынча «Брентфордго» сунуш киргизе элек. Мындан сырткары, аталган оюнчуга «Арсенал» жана «Лестер Сити» дагы көз артышууда.

24 жаштагы Бенрахма «Брентфордго» 2018-жылы «Ниццы» командасынан келген. Алжирдик бул чабуулчу Чемпионшиптин 34 матчына катышып, он ирет дарбазага топ киргизген, ошондой эле төрт ирет сары карточка алган. Футболчунун клуб менен болгон келишими 2022-жылдын жай айларына чейин созулмакчы.