1290478 17.11.2012 Пассажиры поезда "Ташкент - Москва", прибывшего на Казанский вокзал, на платформе. Илья Питалев/РИА Новости

Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жарандарга 15-сентябрга чейин мөөнөтү узартылбаган документтер менен жүрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу орусиялык жергилиектүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, коронавирус пандемиясына байланыштуу миграциялык жеңилдиктер 15-марттан 15-июнга чейин берилген болчу.

Эми бул мөөнөт дагы үч айга узартылды. Мунун негизинде Орусиянын аймагында мигранттарга миграциялык документтеринин мөөнөтүн узартуу талап кылынбайт, мөөнөтү узартылбаган документ менен жүргөн мигранттарга административдик чара колдонулбайт. Буга патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү документтер кирет.