Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы баннерлерди басып чыгарууга тендер жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн сатып алуулар порталы кабарлады.
Ага ылайык, БШК бул максаттарга 2 миллион 132 миң 100 сом коротууну пландап жатат. Мунун ичине баннерлердин дизайнын да баасы кирет.
Эске салсак, жергиликтүү шайлоо Ош, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу, Токмок жана 25 айыл кеңештеринде 12-апрелде өтүшү керек болчу, бирок коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучу болгондуктан, алар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Шайлоо кампаниясына катышуу үчүн 22 саясий партия арыз
берген. Ал эми, жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.