Саясат

Өкмөттү Кубатбек Боронов жетектеши мүмкүн

Кыргызстандын өкмөтүн учурдагы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеп калуусу мүмкүн. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештен билдирди.

Бүгүн парламенттик көпчүлүктүн коалициясы анын талапкерлигин карап чыгуу үчүн жыйынга чогулат. Кубатбек Боронов 2018-жылы биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ал буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген.

Эске салсак, өткөн түнү Мухаммедкалий Абылгазиев отставкага кеткен. Ал эки жыл министрлер кабинетинин башчысы болуп иштеген. Бул убакыт аралыгында өкмөттүн бардык курамы 90 пайызга өзгөргөндүгүн белгилейбиз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button