Коом

Он жылдыктар он чакырым жолду оңдоп беришти

Өлкөнүн эң алыскы Лейлек районунун Өзгөрүш айылында он жылдыктар он чакырым жолду ремонттон өткөрүштү. Он жыл мурда аталган айылдагы орто мектепти аяктаган муундар акча чогултушуп, 4 тонна күйүүчү май сатып алышкан.

Райондук жол куруу мекемесинин кубаттуу техникаларын пайдаланышып, буга чейин элдик көйгөйгө айланган жолду оңдоп беришти.

Он жылдыктардын бул демилгесин айылдаштар да колдошуп, элдик ашарга айлантышты. Натыйжада, кыска аралыкта он чакырым жолго шагал төшөлүп, селге каршы тосмолор орнотулган. Айылдаштардын аймакты өнүктүрүүгө кошкон мындай салымдары үчүн, 500 000 сомго чукул каражат элдин эсебинен коротулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button