Бишкек шаарына Кореядан Кыргызстандын 3 жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алар Казакстандын «Аir Astana» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматынын эл аралык аэропортуна алынып келген. Андан кийин атайын транспорт менен Бишкек шаарына жеткирилди.

«Бардык жүргүнчүлөр бекитилген тартип боюнча медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн обсервацияга алынат», — деп айтылат маалыматта.