ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский өз телеграм-каналында АКШны экиге бөлүп жиберүүнү сунуштаган.

Анын оюу боюнча ак терилүү америкалыктар менен кара америкалыктар ортосундагы чыр кечээ эле чыга калган жок, бул өмүр боюу болуп келе жаткан көрүнүш жана ал эч качан басылбайт. Ошол себептүү Американын эки-үч штатын кара терилүү калкка өткөрүп берүү керек.

Бөлүп берилген штаттарда өз полициясын, өз мугалимдерин шайлап алып каалаганындай жашай беришсин. Ошондо гана алардын ак адамдар менен жолдору кесилишпейт. Ал тургай бул штаттарга ак адамдардын кирүүсүнө тыюу салуу зарыл” экендигин айтып келип, — Көчөт элем деген бардык кара денелүү америкалыктардын Африкага көчүп кетүүсүнө жардам берүү зарыл экендигин кошумчалаган.