Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери премьер-министрлик кызматка талапкер катары Кубатбек Бороновду сунушташкан.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр кызматына Алмазбек Баатырбековдун талапкерлиги алга сүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, фракциялардын лидерлери бүгүн, 16-июнда эртең менен жолугушту. Бүгүн же айрым кабарларга караганда эртең, 17-июнда көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт.

Эске сала кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министрлик кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ошондой эле өкмөт отставкага кетти деп эсептелет, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кетүү тууралуу арыз жазганы 15-июнда кечинде белгилүү болгон.

«Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну жаңы курам түзүлгөнгө чейин улантышат», — деп айтылат расмий маалыматта.