АКШ федералдык бийлиги 20 жылдык тыныгуудан соң июль айынын ортосунда кайрадан өлүм жазасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу АКШ Юстиция министрлигинин сайтында маалымдалган.

Юстиция министрлигинин билдирүүсү боюнча АКШ Башкы прокурору Уильям Барр киши өлтүрүү жана наристе балдарды зордуктоо айыбы менен отурушкан төрт адамды өлүм жазасына тартуу күнүн белгилөө боюнча Түрмөлөрдүн федералдык бюросуна тапшырма берген. Белгилей кетчү нерсе, өлүм жазасы буга чейин эле колдонулуп келе жаткан (Жоржия, Миссури жана Техас штаттары) дары каражатынын жардамы менен ишке ашырылат.

Аталган препаратты кабыл алган адамдын деми кыстыгып жатып каза болору белгилүү жана аны колдонуу АКШ Жогорку соту тарабынан дагы жактырылган.