Коом

Эки айда 13040 медициналык кызматкер компенсациялык төлөмдөрдү алышты

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр тууралуу маалымат берди.

Коронавирус илдетинен улам апрель жана май айларында ММК фондунун бюджетинен 132,3 млн. сом сарпталды. Эки айда 13040 медициналык кызматкер компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева маалымдады.

«Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу, коронавирус илдети менен ооругандарды дарылоо жана алар менен контактта болгондорго байкоо жүргүзүү менен байланышкан иш-чараларды ишке ашырууда ишке тартылган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн апрель жана май айларында ММК фондунун бюджетинен 132,3 млн. сом сарпталды. Эки айда 13040 медициналык кызматкер компенсациялык төлөмдөрдү алышты», — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева маалымдады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button