15-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров менен депутат Абылкайыр Узакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрази менен жолугушту.  

Жылуу маанайда өткөн жолугушууда эки тараптуу парламенттик кызматташтыкты, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана социалдык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Төраганын орун басары Мирлан Бакиров белгилегендей, кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн товарларын Иран Ислам Республикасынын рыногуна чыгарууга кеңири шарт түзүү учур талабы. Ошондой эле Мирлан Бакиров айыл чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын аймагында замандын талабына жооп бере турган ири мал-чарбачылык ишканаларын ачуу зарылчылыгына токтолду.

Муну менен катар жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Руханинин жолугушуусунда эки тараптын кызматташтыгын арттырууга багытталган алгылыктуу кадамдар жасалгандыгы айтылды.