Чүй облусунун Токмок шаарынан каракчылык кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Алар такси кызматын атайын чакырып, жолдон айдоочуну тапанча менен коркутуп, унаасын айдап кетишкен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Окуя 30-майда түнкү саат 01:00 чамасында орун алган. Анда шектүүлөр Бишкек шаарында жүрүп, такси чакырып, айдоочуга Аламүдүн районундагы Башкара-Суу айылына чейин жеткирип коюусун айтышкан. Аталган айылга жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну тапанча менен коркутуп, сабап, акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Андан кийин жүргүнчүлөр айдоочуну талга байлап, Тойота Авенсис унаасын айдап качып кетишкен.

Эртеси күнү жөө адам талга байланып турган айдоочуну көрүп бошоткон. Жабырлануучу Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаа Токмок шаарындагы гараждардын биринен табылган. Анда шектүүлөр унаанын тетиктерин чыгарып сатууга аракет кылышкан. Дөңгөлөктөрдү сатууга дагы үлгүрүшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делинген 6 жаран кармалып, алар кылмыш иштерин чогуу жасап жүргөндүгү белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар:

1996-жылы туулган А. уулу Д., Жалал-Абад облусунун тургуну;

1998-жылы туулган С.Ч., Чүй облусунун тургуну;

1998-жылы туулган Б.А., Чүй облусунун тургуну;

1999-жылы туулган Т.Б., Токмок шаарынын тургуну;

2000-жылы туулган Д.М., Чүй облусунун тургуну;

2000-жылы туулган А.А., Чүй облусунун тургуну, буга чейин каракчылык менен соттолгон;

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.