Нургазы Аматов аттуу жаш жигит эки дөңгөлөк көтөрүп, кордук көргөн аялдына ордуна өзүн коюп, дөңгөлөк көтөрүп, соцтармактагы баракчасына жүктөп, төмөнкүдөй пикирин калтырды.

“Эки дөңгөлөккө кыш менен салынган оордукту көтөргүм келди. Менин ден соолугум бекем, жаш жигит үчүн бул оордукту көпкө кармап тура алган жокмун. Дагы өзүмө суу чачкан жокмун. Ал эми тиги аял 10 мүнөт көтөрүп, баарына чыдады”,-деди Нургазы Аматов.

Буга чейин Сузак районунда күйөөсү тарабынан жубайына моюнуна дөңгөлөк артып, суу чачып кордогон тасма тараган. Бул окуя катталганы тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришкен.

Бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүп, элдин нааразы пикирин жараткан.