Саясат
Депутат А.Арапбаев:»Жаңы окуу жылы дагы онлайн форматта болот деп жатышат, силер ачык айтсаңар»
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын 16-июндагы жыйынында премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги жана өкмөттүн жаңы курамы каралып, суроолорго жооп берилди.
Анда эл өкүлү Азамат Арапбаев билим берүү тармагына
көңүл бурууну суранып, төмөнкүдөй пикирин айтты:
«Балдар онлайн-окутууга өтүшкөн. Каникулда алардын эс алуусу боюнча маселени
караш керек. Ысык-Көлдө сезон ачылып жатат, жайкы лагерлер бар, аларга иштөөгө
уруксат берилеби? Короосу бар үйлөрдө балдар ойношот, ал эми көп кабаттуу
үйлөрдөгү балдарга кыйын болуп жатат», — деди Арапбаев.
Ошондой эле ал кийинки окуу жылындагы онлайн-окутуу боюнча так маалымат берүүнү суранды.
«Жаңы окуу жылы дагы онлайн форматта болот деп жатышат, силер ачык айтсаңар», — деди Арапбаев.