Бишкекте жарандын 7 миң доллар акчасын алып койгон эки шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук милициясына шаардын Б.А., аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Себеби, 2017-жылы март айында Бишкектин Сүйөркулов менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш адамдар коркутуу менен күч колдонуп, 7 миң доллар акчасын алып койгон.

Айталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 203-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

ИИМдин КМКнын үчүнчү башкармалыгынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, 1989-жылы туулган М.А. жана 1989-жылы туулган Б.Б., аттуу Ысык-Көл облусунун тургундары кармалган.

ИИМдин КМКнын маалыматына караганда, жогорудагы адамдар уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турат.

Кармалгандар Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.