Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан ADK соода-оюн-зоок борборунун аймагындагы цехте өрт чыкты. Өрт өчүрүүчүлөргө чакыруу 16-июнда саат 18:40 чамасында түшкөн.

Имараттын чатырынан коюу түтүн тараган. Ал жактагы адамдар куткарылып, ыңгайсыздыктарды жараткан жеке унаалар үчүн эвакуатор да колдонулду.

Өрттү өчүрүү иштерине 54 өрт өчүрүүчү, 17 техника барган.