Бүгүн, 17-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад, облустарынын тоого жакын жана тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Ош облустарында катуу жаан жаашы мүмкүн.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +22…+27

Талас облусунда +22…+27

Баткен облусунда +30…+35

Ош жана Жалал-Абад облустарында +30…+35

Ысык-Көл облусунда +19…+24

Нарын облусунда +19…+24

Бишкек шаарында күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы +25…+27 градус болот