Сокулук райондук соту 19 жаштагы В.И. атту жаранды, » Эненин баланы өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кыз бойдон түшүрүүчү  дары ичип, жаңы төрөлгөн баланы таштап кеткен.

Сот жараяны учурунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Кыз тирүү төрөлүп, бирок ооруканада көз жумган.


«Сотто, күбөнүн айтымында,  окуя болгон күнү, ага  кызы келип, дааратканда мышыктын баласы сыяктуу  ыйлаган үн чыкканын айткан. Коңшулар чогулуп наристени сыртка чыгарууга жардам беришти, ал кезде наристе тирүү болчу. Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп тапты, бирок мунапыс колдонуу менен аны жазадан бошотту ”, — деп айтылат документте.