Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы болуп Азамат Дыйканбаев дайындалды. Бул тууралуу маалыматты 17-июнда Tazabek басылмасы өздүк булактарына таянуу менен жарыялады.

А.Дыйканбаев буга чейин «Транском» мамлекеттик мекемесин жетектеп келген.

Агенттиктин мурунку директору Наталья Черногубова 2020-жылдын 12-майында кармалып, 2 айга камакка алынган болчу.

Ушул жылдын 7-апрелинде Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.