Акыркы суткада коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы экөө каза болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифинг учурунда билдирди.

«Каза болгондордун бири 1984-жылы туулган. Ал 11-июнда Бишкектен Жалал-Абадга тажияга барган. Маркум Бишкекте жүргөндө эле оорунун белгилери байкалып, өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди колдонгону белгилүү болду. Ден соолугуна карабастан Жалал-Абадга барган. 12-июнда абалы начарлап, Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылып, 16-июнда кайтыш болду. Ага эки тараптуу пневмония, коронавирус диагнозу коюлган», — деди Үсөнбаев.