Бир сутка ичинде дагы 21 медициналык кызматкерден коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйундөгү маалымат жыйында билдирди.

Бишкек шаары – 6;
Чүй облусунда – 12;
Баткен облусунда – 2;
Талас облусунда – 1.

Ошондо эле, акыркы суткада 8 медкызмактер коронавирустан айыгып, стационарлардан чыгарылды.

Өлкө боюнча жалпы 495 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алса, бүгүнкү күндө анын 367си айыкты.