Белгилүү ырчы Малик Аликеев борбор калаадагы 4-ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу туризм жана маданият минстри Азамат Жамангулов өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Белгилүү ырчы Малик Аликеев агабызды Бишкек шаарына алып келип, 4-ооруканага жайгаштырдык. Абалы буйруса жакшы, жакынкы убакта, эгер кальцийи жакшы болсо, калыбына келсе хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков агабыз операция жасайт. Мунун алкагында жасала турган баардык иштер биздин көзөмөлүбүздө болот.

Андан тышкары, КР Президенти С.Ш. Жеенбеков атайын материалдык жардам бөлүп, ал жардамды КР Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаевич тапшырды.

Малик агабыз кубануу менен баарыңыздарга саламын жолдоду. Күз айларында сахнага чыгып калаарын жана жеке концерт программасын даярдай тургандыгы боюнча убадасын алдым»,-деген минстр.