Коронавирус пандемиясы маалында элибиз бир топ сыноолорду башынан өткөрдү. Баарынан дагы Россиядагы мекендештерибиз катуу сыноого туш болду. Эртелеп жетишкендери Кыргызстанга келгенге үлгүрүп калса, мына кетебиз деп жатканда абал курчуп, чек ара, авиа каттам, транспорттун башка каттамдарынын баары жабылып, орто жолдо калышты. Орусиянын өзүндө калгандарда деле оңой болгон жок. Ооруп калса, ооруканаларда орун жок, же камсыздандыруу полиси жок, ара жолдо кыйынчылыктарды баштан кечиришти.

Мына ушундай шартта баарынан дагы Орусиядагы Элчиликтин ишин элестетиш кыйын. Дагы Кудай жалгап, бул кызматка дасыккан, саясатта жүргөн, ТИМде министр болгон тажрыйбалуу адамдын элчи болуп калышы абийир болду. Бирок кандай болгон күндө сындар айтыла берет экен. Айтылышы керек. Кыйналган эл башка кимге арыз-муңун айтмак эле?

Бирок ошол эле маалда арам оюн ишке ашыруу максатында Россиядагы элчи Аликбек Жекшенкуловго чабуулдар болуп жатканы айтылууда. Эсеби маселен, Москва облусундагы мекендештердин “Кыргыз биримдиги” диаспорасынын башында тургандар диаспоранын аттуу-баштуу адамдары же жалпы эле мүчөлөрү менен кеңешпей туруп эле качкын экс-президент Аскар Акаев менен тымызын жолугушуп, Жекшенкуловго каршы оюндарды жүргүзүп жатыптыр. Шоруң каткан кыргыз, эми өз Мекенибизде болсок бир жөн, чет жерде дагы жөн жата албай, айрым ичтери иригендердин сөзүнө жетеленип, Жекшенкуловду алып түшүүгө аракет кылышканын угуп, зээниң кейийт. Бетине кармаган негиздери болсо Жекшенкулов коронавирус күчөп турганда иштей алган эмес экен. Ушу дагы сөзбү? Москва облусунда эле 600 миң кыргызстандык жашап, иштейт.

Элестетип жатасыңарбы, 600 миң адам?! Дагы эле аялынын куйтулук көрсөтмөсү менен иш кылган бечара Акаев 70тен эчак ашканына карабай ушундай ыплас, мекендештердин бөлүнүп-жарылуусуна жол берген иштерге аралашпай эле койсо болмок. Атангөрү, пенде деген ушу да. Эми келип алып, кокуй кыргызым деп чуркап жүргөн Жекшенкуловдун Тимур Саралаев деген коомдук башталыштагы жардамчысынан бери ушул элчинин ишин дискредитациялоого аралаштырып жатыптыр. Шоруң каткандар. Мурдубузга дале суу жетелек окшобойбу. Мындан дагы кыйыныраак абал келгенде, ошондо түшүнөт элек. Кыргыз аттуунун, болгондо да бар күч-аракетин жумшап чуркап берген мекендештердин кадырын! Болбосо, ошол эле Москвада көптөгөн башка өлкөлөрдүн элчиликтери илдет жугат деп жаап, иштебей турганын ошол Москвадагы кыкеңдер билбей калыштыбы?

 Кыргыз элчилигинде иштеген балдардан коронавирус чыкканына карабастан, Элчилик калган кызматкерлери менен диаспоралардын өкүлдөрүн тартып иштеп жатканын, авиарейстерди буту-бутуна тийбей уюштуруп, хостелдерге мекендештерди жайгаштырып, тамак-ашын ташып чуркап жүрүшкөндөрүн кантип жалганга чыгарышат эми бул эл бузарлар? Дегеле жалпылап айтканда, ошол эле Акаев мезгилинен бери бу улуу Россияга эмне деген гана былжырак элчилер келди эле.

Эми элчиден жолубуз болуптур деп көпчүлүк ыраазы болуп жатканда, булардын кылганы бул! Ушунун баарын көрүп-билип туруп, мекендештерге жардам берүүнүн ордуна сакалын сүйрөп алып, ар кандай саясатташкан иштерге катышкан Акаевге жол болсун! Элинен, жеринен качып-бозуп жашап жүргөнүнө 15 жылдын жүзү болуптур.

баа-баркын дале билген эмес экен. Авантюристтик көз карашы калган эмес экен, бул аксакалыбыздын. Калмак турсун ага эми чет жердеги жаштарды аралаштырганы ансыз деле кадыры калбаган адамдык беделин дагы да төмөнгө түшүрүп алыптыр. Аман эле болсун.