БУУнун (Бириккен улуттар уюму) баш катчысынын өкүлү Эри Канеко Кытай менен Индия мындай ортосундагы жаңжалдан улам эки өлкөнү сабырдуу болууга чакырды. Бул тууралуу ал 16-июнда маалымат жыйынында билдиргенине таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

«Биз Индия менен Кытайдын ортосунда орун алган жаңжал тууралуу жана андан каза болгон аскерлер тууралуу кабардарбыз. Мындай кырдаалда эки өлкөнү сабырдуу болууга чакырабыз», — деген Канеко. Белгилүү болгондой, Индиянын Ладакх провинциясындагы Кытай менен болгон чек арада эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алып, анын кесепетинен Индиянын 20 аскери каза болгондугу кабарланган.