Түндүк Кореянын Түштүк менен болгон макулдашууну сактабай жатышы Түштүк Кореялык аскерлерди убайымга салууда. Ошондой эле алардын айтуусу боюнча согуштук аракеттер баштала турган болсо, Пхеньян бул үчүн сөзсүз түрдө өз жазасын алат.

 Түштүк Кореянын бириккен аскер комитетинин аскердик операциялар бөлүмүнүн начальниги Чон Дон Чжин: — «КТДРдин аракеттери 20 жылдан ашык мезгил аралыгында жетишилген макулдашуулардын бардыгын жокко чыгарууда. Эгерде түндүк кореялык тарап кандайдыр бир реалдуу аракеттерге бара турган болсо, сөзсүз тиешелүү баасын алат»-дейт.

Белгилей кетсек, Түндүк Корея өз аскерлерин Түштүк Корея менен чектешкен Кымгансан тоосунун аймагына жана Кэсон районуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга 16-июнда Түндүк Корея тарабынан Кэсон өнөр жай комплексиндеги биргелешкен кеңсенин жардырылып жиберилиши, эки аскер менен бир командирдин курман болушу жана мындан улам Түндүк менен Түштүк ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктер себеп болгон.