Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы «Чынар» жана «Ош» базарындагы «Кыял» кичи базарлары жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган соода жайларында бүгүндөн тарта дезинфекция иштери жүрөт.


Вице-мэр учурда Борбор калаада эпидемиологиялык абал турукташа электигин айтып. Базарларды дезинфекциялоо керектигин кошумчалады.