Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Казак маалымат каражаттыры  жазышты.

Маалыматка караганда, ага илдеттин жеңил түрү жуккан. Ошол себептүү учурда обочолонуп, бирок аралыктан иштеп жатат.

«Спикер карантин шарттарын катуу сактап, бир айдан бери аралыктан иштеп жаткан. Жадакалса эч ким менен байланышпаганга аракет кылчу. Бирок акыркы ирет өкмөттүн пленардык жыйынына катышкан», — деп айтылат маалыматта.

Спикердин карантин шарттарын катуу сактап, бир айдан бери аралыктан иштеп жатканы айтылат. Жадакалса эч ким менен байланышпаганга аракет кылган.

Ошондой эле анын ар бир жыйын алдында коронавируска тест тапшырып жүргөнү кошумчаланды.

Учурда,  аталган өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 15 миңден ашып, алардын ичинен 88 киши каза болгон.