Кыргызстанда 2021-25-жылдар аралыгында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Муну менен 40 миң балада мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун каржылоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда жактырды.

Долбоор айыл өкмөттөрдүн карамагындагы имараттарда же мектептердеги бош класстарда кыска мөөнөттүү бала бакча уюштурууга колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле долбоор технологиялар аркылуу окутууну колдоо — табигый-илимий циклдеги предметтерге басым жасоо менен мектептин санариптик мазмунун түзүү каралган:

▪️Кыргыз жана орус тилдеринде математика жана табигый так илимдер предметтерине басым жасоо менен (физика, химия, биология) башталгыч жана орто мектептерде бардык предметтер боюнча электрондук форматттагы окуу материалдары түзүлөт жана которулат;

▪️Кыргызстандагы 1200 мектепте электрондук китепканалар пайда болот. Алардын ар бирине отуздан компьютер берилет, алтыдан мультимедиалык класс ачылат. Буга кошо 8 педагогикалык колледжде компьютердик класстарды ачуу пландалган.

Мындан сырткары окуучулардын билимин баалоонун эл аралык программасына катышуу (PISA), балдарды окутуунун натыйжалуулугун жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында 36 миң педагог окутуудан өтөт.

Ошондой эле долбоор окутуу жана насаатчылык тармагындагы билим, көндүм жана квалификацияны жакшыртуу максатында өнүктүрүүчү профессионалдык иш чаралар аркылуу тарбиячыларга колдоо көрсөтөт. Квалификацияны жогорулатуу системасы аркылуу сменалуу бала бакчалардын 1500 тарбиячылары окутулат.

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 млн АКШ долларын бөлөт. Анын жарымы грант, калган бөлүгү насыя.