Таланттуу режиссёр Камат Касенов 2020-жылдын 17-июнунда 43 жашында оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынан билдиришти.

Буга чейин Камат Касенов Кыргыз Мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссёр болуп эмгектенип, Э.Олбинин калемине таандык «Узун бойлуу үч аял», Ч.Калыбекованын калемине таандык «Үмүт», Ч.Айтматовдун калемине таандык «Биринчи мугалим» аттуу спектаклдерди коюп көрөрмандардын купулуна толуп келген.

«Чыгаан режиссёрдун жараткан ар бир эмгеги, бийик адамкерчилик сапаты, жаркын элеси кыргыз элинин түбөлүк эсинде сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз»,-дешет театр жамааты.