Коом

Облус жетекчиси 100 жаштагы энеден кабар алды

Бүгүн, 17-июнда Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов Сузак районунун Кызы-Туу айыл аймагындагы Жаңы-Ачы айылынын 100 жаштагы тургуну Кекеш Момбаевадан кабар алды.

Облус башчысы бир кылымды карыткан чоң эненин азыркы абалын, эмгек жолу, жашоо-шарты, мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан социалдык жардамдардын жеткиликтүүлүгү боюнча сурап, көмөк көрсөтүү иштери уланаарын кошумчалады. Аны менен бирге өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, жаштыгы согуштун кыйынчылыктары менен коштогон улгайган жарандардын муктаждыктарына ар дайым жардам көрсөтүп баруу керектигин айтты. Өкүл 100 жашты аркалаган чоң энеге ден соолук каалады.

Кекеш Момбаева 1920-жылы туулган. Жаштык кези согуш апаатына туш келип, талаачылык жумуштарында эмгектенген. 7 баланы тарбиялап, азыркы учурда 40тан ашуун небере, 50гө жакын чеберенин чоң эне-таэнеси.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жалпы 100 жаштан ашкан 5 улгайган жаран бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button