Коом

Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев Кара- Суу районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо иши менен таанышты

Бүгүн Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев Кара- Суу районунун аймагында дан эгиндерин оруп-жыйноо иши менен таанышты.    Кылкандуу дан жана пахта өндүрүүчү II категориядагы “Таширов” айыл чарба үрөнчүлүк  чарбасында буудай орууну башталыш аземи болду. КР дин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

“Бул чарбанын 23 жылдан берки  салттуу иш-чарасы. Ар жылы кооперативдин 30 мүчөсү жыйылып, кырманга береке тилеп, оруу ишинин башталышын белгилейбиз. Кудайым берекесинен кур  калтырбай  ишканабыз өнүгүп элге кызмат кылууда”, — деп белгиледи кооператив башчысы Зарипбек Жоошбеков.

Жамааттын бүгүнкү күндө 50 техникасы,  техника оңдоочу гаражы, дан кургатуучу кампасы жана сугат үчүн  жеке насосу бар. “Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Анткени, салыктын 5 түрүнөн жеңилдетилген аларга мүмкүнчүлүк жаратып, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда да айдоо иштерин баштап, ишкана кеңейген.

Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев ушундай азык-түлүк менен камсыздоо  багытында иштеп жаткан ата- мекендик дыйкан жана ишкерлерди колдоо  башкы багыттардан экендигин белгилеп, көйгөйүн укту. Зарипбек Жоошбаев сугат иштери үчүн  насос электр энергиясы менен иштегендиктен, айына ал үчүн төлөм 40-50 миңге чукулдайт. Ушул нерсе баасы өтө эле жогору болбогон буудай менен пахта өндүрүүдө көйгөй  болууда.

Узарбек Жылкыбаев жергиликтүү бийликке күн энергиясын пайдаланып электр  өндүрүүчү күн батарейкаларын алуу үчүн аз пайыздуу насыяга алууга артыкчылык берүү жана уюштуруу тапшырмасын койду. Мындан сырткары, айыл өкмөт  башчысына бул жылкы карантиндин кырдаал шартындагы мүмкүнчүлүктөр менен негиздеп салыктан жеңилдетүүнү тапшырды.

“Айыл чарбасын каржылоо 8 долбоорунун” алкагында Ош облусу боюнча бүгүнкү күндө 465 жаранга 95 млн. 4 миң сомдук жеңилдетилген кредиттер берилди. Анын ичинен мал чарбасына 89 жаран 45 млн. 979 миң сомдук, талаачылыкка 375 жаран 46 млн. 125 миң сомдук 10%дык жана кайра иштетүү тармагына 1 жаран 2 млн. 900 миң сомдук 6% менен берилди.

Бул жеңилдиктерди пайдаланып, Ош облусунда бул жылы 19,5 гектарга жаздык буудай айдоо пландалса, карантиндик шартка байланыштуу азык-түлүк каатчылыгын алдын-алуу аракеттеринин алкагында буудай 3500  гектар  аянтка көп айдалып,  23 ,0 миң гектарга буудай, арпа 19,5 миң гектарга себилди. Күзгү айдоо иштери кошулуп облуста 41,1 миң гектар  аянтка кылкандуу дан эгиндери айдалган.

 Маалымат катары айта кетсек, Ош облусу боюнча бүгүнкү күндө жалпы 178 430 гектар айдоо жер аянты эсептелген болсо, анын ичинен 92 760 га сугат, 85 670 га кайрак айдоо аянты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button