Былтыр Кыргызстанда 49,4 миң жуп баш кошкон (Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никеге тургандар). Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Алардын ичинен эркектердин 90%ы жана аял кишилердин 94%ы алгачкы ирет турмуш курушкан.

Статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда жарандардын көбү (ЖААК органдарында каттоого алынган никелердин 70%ы) 20-29 жаш куракта турмуш курушат. Былтыр үйлөнгөн эркектердин орточо жаш курагы 28,4 жаш, кыздардыкы 24,3 жаш болгон. Ал эми алгачкы ирет үй-бүлө курган эркектердин орточо жаш курагы 27,2 жашты, кыздардыкы 23,6 жашты түзгөн.