Жай саратан башталганы шайлоонун ысык жели сого баштады. Адеп Текебаев, Сариев өңдүү эски жүздөр биригип, коалиция түзүү менен шайлоо компаниясынын сезонун ачып берсе, Ташиев ар кайсы ЖМКга интервью бере баштады.

Албетте мунун баары, элге акырындап кайырмак ыргытып, «биз барбыз» деген чириген методдордун бири.
Ушул Ташиев, Текебаевди эстегенде Бекназаров менен Ташиевдин кафедеги сүйлөшүүсү эске келет.
Текебаев «Мегаком» чыры менен соттолуп жатканда, тиги эки эргул келип, күбө катары көрсөтмө берип чыгып, кафеге барып сүйлөшкөнү интернетте жүрөт эки жылдан бери айланып.

Бекназаров деген неме ар кайсы калпты башын койгулаштырып айткан сайын Кудай деп кечирим сураганынан тартып айтып берсе, тиги Ташиев Текебаевдин туулган күнүнө алпарган виносубу, вискисиби айтор, белегин унутуп алпарган эмесмин деп жанын жеп отурат.

Кийин бул сүйлөшүү коомчулукка чыккандан кийин Текебаевдин аялы Айгүл Текебаева «Ташиевдин алып келген вискиси үйдө турат» деп билдирүү жасап, Камчынын абийирин акырын төгүп койгон эле.
Мына биздин «периштедей таптаза» саясатчы эргулдарыбыз. Бири саясат үчүн жанын жеп калп айтып жатса, экинчиси көзү жокто берген белегин да танып, аны эч качан туулган күнү менен куттуктаган эмесмин деп карганып жатат. Тааныш, билиш, жердеш деп отуруп, бул эски малдын көзүндөй болгон ыплас саясатчыларда мамлекеттик кызыкчылык деген ныпым ой жок экен.
Эми карагыла ошентип, ар кимдин башын будамайлап, мыйзамды уруп ойнобой жалган көрсөтмөлөрдү берип, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыктарын жогору коюп бири-бирин жаап-жашырып, колдоп келишкенин.

Ал аз келгенсип, ар кандай жолдор менен бири элчи, экинчиси кайра бийликке умтулуп, альянс түзүү менен алек. Ташиев болсо шайлоо алдында улам-улам чыгып, билдирүү жасап, өзүн пиарлап, кандайдыр бир кызмат ала албай жан далбастан жүрөт.

Булардын максаты эптеп эле кызматка жетүү. Кызматка жеткенде эл эсинен тарс чыгат. Кызматы жок калганда, бийликти жамандоо, каралоо менен алек болот.
Элдин башын ушинтип айлантып отуруп арадан 30 жылдай убакыт өттү.
Ошол эле баягы жүздөр эми кыйратаарына эч кандай үмүт жок! Же Ташиев өңдүү элдин башын айланткандардан дагы деле үмүт кылгандар барбы?