Бүгүн Подмосковьянын Дмитров шаардык округунда жети жашар наристе атасына бычак шилтеген. Москва облусунун Тергөө комитетинин башкы тергөө башкармалыгынын билдирүүсү боюнча бешиктен бели чыга элек баланын мындай аракети мас болуп келген атасынан токмок жеп жаткан апасын коргоо үчүн жасалган.

Маалыматка ылайык 39 жашар эркек аракка тоюп келип, 37 жаштагы аялын токмоктоп, андан соң муунтуп баштаган. Жардам сурап кыйкырып жаткан апасына жардам берүү үчүн чуркап келген бала «өлүп калат» деген коркунуч менен стол үстүндөгү бычакты алып, атасын жон талаштыра сайып жиберген.

Эркекти тез жардам салып кеткен. Абалы азырынча белгисиз. Ал эми жабыркаган аял күйөөсү 10 жылдан бери арак ичип келип, аны уруп келе жаткандыгын айткан.