Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү.

Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы Премьер-министрге жана жалпы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ийгилик каалады.

Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги фракциялардын лидерлери — Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев катышты.

Ал эми Интернет айдыңында азыртан өкмөттүн дарегине сындар айтыла баштады. Көпчүлүк сүрөткө түшүп, бет кабы жок тартылган кадр элдин кыжырдануусуна жем таштады.