Кыргызстанда жүргөн Россиянын жарандары 1-июлда Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү үчүн добуш бере алышат. Бул тууралуу Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги кабарлады.

Ушул күнү Кыргызстанда төрт шайлоо участкасы иштейт:

№ 8159 — Бишкек шаары, Манас проспектиси, 55-имарат;

№ 8162 — Ош шаары, Камбаралы Бобулов көчөсү, 77;

№ 8160 — Кант, № 20022 аскер бөлүгү;

№ 8161 — Каракол, № 87366 аскер бөлүгү.

Добуш берүү саат 08.00дөн 20.00гө чейин өтөт.

Сизде Орусиянын жарандыгын тастыктаган документ болушу керек.

«Биз шайлоо участогуна барганда санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды милдеттүү түрдө сактоого көңүл бурабыз. Россия Федерациясынын Конституциясына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө толук маалыматты төмөнкүдөй веб-сайттан тапса болот: конституция2020.рф», — деп белгилешти дипломатиялык миссия.