Түштүк Дакотада жайгашкан медициналык компания эмки айдан баштап коронавирус жуктуруп алган адамдарга уй кан плазмасынан даярдалган жаңы дары каражатын берип баштайт. Бул тууралуу New York Post гезити жазып чыккан.

Биофармацевттик препараттарды иштеп чыгуучу SAB Biotherapeutics компаниясынын окумуштуулары уйга вирустун инфекцияланбаган жана коронавирусту пайда кылуучу бөлүгүн сайып көрүшкөн. Натыйжада, уй организми инфекцияга каршы табигый антителаларды иштеп чыккан.

Белгилей кетчү нерсе, өткөрүлгөн тесттердин жыйынтыгында уйларда COVID-19га каршы иштелип чыккан антителалар оорудан сакайып кеткен адамдардагыга караганда төрт эсе натыйжалуу экендиги аныкталган. SAB-185 деген аталышка ээ болгон бул препарат эмки айдан баштап адамдарга берилип баштайт.