АКШ президенти Дональд Трамп 2008-жылдан бери келе жаткан Түндүк Кореяга каршы санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узартты.

«Түндүк Корея бийлигинин жасап жаткан аракеттери жана принциптери Америка Кошмо Штаттарынын, улуттук коопсуздугуна, тышкы экономикасы менен саясатына жана экономикасына өзгөчө жана олуттуу коркунуч жаратууда. Ушуга байланыштуу, мен Түндүк Кореяга карата болгон санкцияларды дагы бир жылга узартам», — деп билдирүү жасаган Трамп.

Белгилей кетчү нерсе, Трамп Түндүк Корея ядролук куралсыздануу боюнча сөзгө келмейинче, санкция мөөнөтү жылдырыла бермекчи.