«
Жакында Москва облусунда 53 жаштагы Андрей Ежов деген адам колго түшкөн. Ал көптөгөн жылдардан бери мектеп окуучуларын, улгайган аялдарды кыйнап өлтүрүп келген.

Маньяктын аракеттеринен жабыркагандардын ичинен болгону эки аял гана аман калган.
Кызыгы, анын мындай аракеттерин 30 жыл бирге жашаган аялы дагы билген эмес жана айрым бир түндөрү күйөөсүнүн үйгө келбей калуусун сантехник кызматына, башкача айтканда канализациялык аварияларга байланыштуу болсо керек деп ойлогон.

Тергөө учурунда Ежов аялдарды жөн гана өлтүрүп келгендигин, жарым жылда бир жолу киши өлтүргүсү келип кала тургандыгын айткан.