Тажикстан бийлиги 20-июндан тарта 100дөн ашпаган кишинин катышуусунда үйлөнүү үлпөт өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Тойду үйдө, ресторанда берүүгө болот.

Маалым болгондой, Тажикстандын Дин жана салт-санааларды жөнгө салуу комитети коронавирус эпидемиясына байланыштуу 25-майда той-ашка тыюу салган. Мекеме Рамазан айы бүткөндөн бери үйлөнүү үлпөт өткөрүүгө уруксат берүүнү сурагандар көп болуп жатканын белгиледи.

17-июнда COVID-19дун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб той өткөрүүгө уруксат берип, акырындык менен эл аралык учуулар жандана турганын маалымдады.

 Маселен, 1-июлдан баштап Өзбекстан жана Дубайга учактар каттай баштайт. Бирок жүргүнчүлөр алдын ала коронавируска тест тапшырышы керек болот.

Тажикстанда 15-июндан бери базарлар, дүкөндөр, мейманканалар иштеп жатат.