Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Бороновдун жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Маминдин телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскар Мамин Кубатбек Бороновду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана эки мамлекеттин башчылары ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулады.