Өлкөдө бүгүн,18-июнга карата дагы 95 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ал эми, өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Каза болгон жаран, Алай аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, 73 жаштагы эркек киши.

Муну менен өлкөдө инфекциядан каза болгондордун саны  31ге жетти.