Акыркы бир күндө дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 168 миң 859 адамга өстү. Муну окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан онлайн-картадагы маалыматтар тастыктап турат.
Дүйнөдө жалпысынан 8,331,335 адам коронавируска чалдыккан.
Эң көп жуккан:
АКШ (2 миллион 163 миң 290),
Бразилия (955 миң 377),
Россия (552 миң 549),
Индия (354 миң 65),
Улуу Британия (300 миң 717),
Испания (244 миң 683) жана
Перу ( 240 миң 908).
Коронавирус инфекциясы 188 мамлекетте катталган.
Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин айыгып кеткен адамдардын саны 4 миллиондон ашты. Бир күндүн ичинде индикатор 119 миң 970 кишиге өскөн.
Коронавирустан каза
болгондордун саны 448 миң 504 кишиге жетти. Шаршемби күнү эртең мененки
маалыматка салыштырмалуу бул көрсөткүч 6 миң 836 кишиге көбөйдү. Анын ичинде
АКШда 117 миң 717 адам,
Бразилияда – 46 миң 510,
Улуу Британияда – 42 миң 238,
Италияда – 34 миң 448,
Францияда – 29 миң 578 адам көз жумган.
Кыргызстанда коронавирус менен ооруган 2 миң 657,
Казакстанда – 15 миң 542,
Өзбекстанда – 5 миң 682, Тажикстанда – 5 миң 221 учур катталды