Сузактык Дильраба кирпич салынган 2 дөңгөлөктү мойнуна илип, колдорун байлап, үстүнө суу чачкан жолдошун кечирди. Себебин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берген.

Дильраба айымдын айтымында, жолдошу ачык сүйлөгөн, жакшы адам. Эл талкуулап жаткандай мыкаачы жаман адам эмес.

⠀«Мен жолдошумду кечирдим. Чогуу түтүн булатып жатканыбызга быйыл 26 жыл болду. Мындай учур биринчи жолу болуп жатат. Үйдө экөөбүз гана жашагандыктан өзү жалгыз калып тажаганбы, айтор ошол күнү бир аз ачууга алдырып, түшүнбөстүк болуп кетти. Буга чейин деле чыр-чатак болуп турчу. Кээде айтышып калчубуз. Бирок катуу токмоктогонго чейин барган эмес. Албетте, ар бир эле үй-бүлөдө түшүнбөстүк болуп турат. Видео интернетке тараганда абдан катуу уялдым.

Күйөөмдүн мындан аркы жашоосун, уулумдун тагдырын ойлодум. Өзүмдүн дагы жашоомду ойлодум. Интернет колдонуучулары билбей, көрбөй туруп ар кандай пикирлерди жазышыптыр. Негизи жолдошум адамга ачык, жайдары мүнөз киши. Дос-жарларынын арасында деле кадыры бар, жогорку билимдүү адам. Мунун баары көз ачып-жумганча эле болуп кетти. Азыр кайын журтум, төркүнүм да бир үй-бүлөнү сактап калуу үчүн колунан келишинче аракеттенип жатышат. Менин да максатым — үй-бүлөбүздү уратпай сактап калуу.

Азыр көчөгө чыксам эле биз жөнүндө сөз болуп жатат. Убакыттын өтүшү менен баары өз ордуна келет деген ишеничтемин. Жолдошум кылган ишине өкүнүп жатыптыр. Мындан ары баары жакшы болот деп ойлойм. Алдыда уулубузду үйлөнтүп, жакшы күндөрдү өткөрөбүз деп ойлойм», – деди жабырлануучу Дильраба.

Шектүүнүн карындашы Турсунай Бабаева кыска мүнөттүк видео үчүн бул үй-бүлөнү катуу талкууга албоого чакырат. Ал да мурда агасы жеңесин токмоктогонун көрбөгөнүн билдирди.