COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатынада жана өзгөчө абал режиминин улануусуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөлөрүн улантууда. ИИМдин ЖКККББнын түзүмдүк бөлүгүнө кирген борборубуздун Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын COVID-19 илетин алдын алуу максатынада профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө, саламаттыкты сактоо жана ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкерлери менен биргеликте борборго кире бериштеринде санитардык –карантиндик постордо күнү-түнү дебей текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Постордо кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин негизги милдети жол кыймылынын жана коомдук коопсуздукту сактоо. Кырдаалга жараша кызматкерлер жарандарга жеке коопсуздукту сактоону, эл көп топтолуучу жерлерге барбоону, кырдаалга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга сунуштоодо.

«Кызмат өтөөдө ар кандай учурлар болот, көпчүлүгү түшүнөт, бирок кээ бири өз айтканын бербейт, талашат. Мындай учурда биз тынч түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, ошондо кайра ыраазычылыктарын билгизип бизге рахмат айтып мындан ары кырдаалдын талаптарын аткара тургандыгын айтышат. Биздин жардам да керек болуп калган учурлар болот, мисалы жакында бир унаа оорулу адамды алып кетип бара жатыптыр, тийиштүү кагаздарын баарын көргөздү. Биз ал унааны постон тоскоолдуксуз тез өткөрүп, коштоп ооруканага жеткирдик» — деп постордун бириндеги милиция кызматкери айтып берди.

Урматтуу шаар жашоочулары жана коноктор Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы чектөө чараларын сактоо зарылчылыгын эскертип, мүмкүн болушунча жашаган жеринен чыкпоого үгүттөп, зарыл муктаждык жаралганда гана жеке коргонуу каражаттарын колдонуп, социалдык аралыкты сактоо менен көчөгө чыгуусун сунуштайт.

КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы