Саясий чөйрөгө жакшы маалым. Депутат Канат Исаев менен олигарх, айтылуу Шаки каймана аты бар Шаршенбек Абдыкеримовдун ортосун кара мышык аралап акыркы үч жыл ичинде көп тирешүү орун алып келген. Бир чети жердеши жана «түбөлүк капчыгы» болуп келген азыркы вице премьерликке көргөзүлүп жаткан Алмаз Баатырбеков Шакинин таасиринен чыга албай келе жаткан. Дал ушул себептерден улам жана алдыдагы парламенттик шайлоодо Канат Исаевдин таасирин азайтуу жана тизмеге Шакинин жакын адамдарын киргизүү максатында Алмазбек Баатырбеков «Кыргызстан» партиясынын шайлоо штабын жетектемек. Бул саясий кадамды астыртан сезген Канат Исаев алгач Абылгазиевдин ордуна премьер министр болуп кетүүнү көздөгөн. Ага ак үй билермандары көнбөй Канат Исаевге ишеним көргөзбөй коюшту. Акыркы амал катары Канат Исаев жеке демилгелеп жатып, Шакиден таасирди колго алуу максатында билермандар менен сүйлөшүү жүргүзүп, Алмаз Баатырбековду өкмөткө жөнөттү. Муну менен Исаев бир ок менен эки коенду атты. Биринчиси Шакинин шайлоо алдында таасирин азайтып, партиялык уюштуруу жана тизме чечүү иштеринен Баатырбековду алыстатса, экинчиси Шаки баш болгон команданы өзүнө моралдык жактан карыз кылып, «мен вице премьер министр кылгам» деген дымакка ээ болду…