Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемесинде мурунку бажычы Эмил Кимсанбаев сабалды делген видео боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Аталган факт маалыматтар журналына катталды.

«Видеону жайлатып көргөндөн кийин аталган жай Кимсанов кармалган жерге окшош эмес экени аныкталды. Ошондой эле жаңжалдын катышуучуларынын бети даана көрүнөт. Видео фейк болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

ЖАМКтын маалыматы боюнча, Кимсанов СИЗО-1 мекемесине 2020-жылы 3-апрелде алынып келип, карантин камерасына жайгаштырылган. Аны менен кошо дагы 3 адам камакта болчу. Ал 4-апрелде камактагы башка адамдар менен чырдашпаганын жана жактоочунун анын өмүрүнө коркунуч келип жатканы тууралуу билдирүүсүнө макул эмес экенин айтып, түшүнүк кат жазган. Тиешелүү процедуралардан өткөндөн кийин башка камерага которулган.

Кимсанов 10-апрелде абактын администрациясына контингенттин негизги массасынан өзүнчө кармоо өтүнүчү менен арыз жазган. Кийинки күнү башка камерага которулган. Ал эми 20-майда акыйкатчы менен жолугушуп, даттануусу жок экенин билдирген.

ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн 1-июндагы токтому менен Кимсанов 5-июнда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулуп, ал жерде 11-июнга чейин болгон. Биринчи май райондук сотунун 8-июндагы чечими жана мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен ал 11-июнда ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынан СИЗО-50 мекемесине жеткирилген. Анын коопсуздугун камсыздоо максатында укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлери менен өзүнчө камерага жайгаштырылган.