Бир жигитти жакындан таныйм… Мүмкүнчүлүк болгондо, кээде маектешип калам. Айтат:
— Биз айланабызга жакшылап карасак, өтө сонун жашайбыз. Мүмкүнчүлүктор толтура. Мисалы, 200-300 жыл эле мурунку султандар, улуу падыша, генералдарга караганда мыкты жашайбыз. Алар кечинде сыртка чыккысы келсе кызматчысын чакырып, шам жактырып, ал шамы да ирең бараң зорго жарык берип, анан чыккан. Бир жакка кат жибергиси келсе эң мыкты чабармандар да жумалап жол жүргөн. Өздөрү сапарга чыккандагы азапты айтпа. Жайында муздак сүт ичкиси келсе сүттү көмдүрүп анан муздаткан. Эгер өзү ысып кетсе желпигич менен желпип турган. Айта берсең толтура..
Азырчы? Секундалар арасында иш бүтөт… Ошого шүгүр кылып жашашыбыз керек.
Анан билесиң, Мусулманбыз, өлөрдө келме айтып өлүү кандай жакшы. Бирок, баары эле айта албайт. Мен да 5 убак намаз окуп, жалаң ыймандуу жигиттер менен достошконмун, ыйман сабактарын да көп угам. Таксиде иштеп жүргөндө да жүргүнчү жок учурда тилек кыла берчүмүн. Бир күн катуу жол кырсыгына учурадым. Бурулушта бир аз эрте бурула коюп өтө катуу ылдамдыкта келген бирөө сүзүп кетти. Машина ичинде айланып баратып оюма ар нерсе келди. Айдап жүргөн машинанын ээси эмне дейт, канчага түштүм экен, азыр жарылса керек, ушинтип өлүп каламбы? Дагы бир нерсе ойлор келе берди, өкүнүчтүүсү оозума келме келбептир… Ошого көп келме айталы… — дейт.
Авария эмне экенин мен да билем да, дагы аяк биякты сурап, ары жагы эмне болгонун сурадым.
— Үйүмө айтпоону чечтим, Бишкекте досторума, тааныш байкелериме айтып чечип алам деп ойлодум. Жакын 4-5 досум аябай күйүгүп жардам беришти калганы ким экендигин көргөзүп коюшту. Дин темасында сабак берип, маданияттуу сүйлөп жүргөн байкелер бар эле… Алардан да жардам сурап көрдүм. Өзү маанайым түшүп, сыгылып, шок болуп жүргөм, ал байкелер ан сайын көңүлүмдү сындырышты. Баары жакшы болот кыжаалат болбо, өзүңдү колго ал, Аллахым мээримдүү жардам берет, бул күндөр да өтөт же башка деп эки ооз жылуу сөз айтып коё алган жок. Билесиңби жылуу сөздүн орду ушунчалык жогору экенин билдим. 19 жаштагы мен үчүн 370 000 таап жиберүү кыйын болуп калды, карызга да бирөө бериши кыйын болот экен… Кийинчерээк эсептесек андан бир топ көп акча кетиптир…
Пландарым, максаттарым баары бүттү деп маанай чөккөнү, эки машинанын ээси эки жактан кысканы, карыздарым, жумуш табышым керек бүт көйгөйлөр чогулуп психологиялык жактан катуу сокку болду.
Жашпыз, сезим маселелери да бар… Бир кызды жактырдым, жаш, аруу сезимдер менен жактырдым. Шариятта кыз жигит болууга болбойт… Анан ал мени жактырбайт эле, ал жагы да бир кызыктай болуп жүрдү кийинчерээк ал менен да мамилебиз токтоду.
Ээх ошентип ал күндөр да өттү, ошол кырсык болуп жолдорум жабылды деп ойлогом, көрсө менин чыңалуума жана жаңы бир канча жолдор ачылышына себеп болгон экен. Досторум ким экенин билдим, жаңы достор, жаңы жумуштар менен тааныштым. Шүгүр, анча мынча кыйналгандарга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болду. Ошого Нурс, бир кыйынчылыкка учурасан анын пайдасы болоорун да унутпа, менден көптөр кеңеш сурап калышат анан өзүмдү кары элестетип жүрө берипмин көрсө жашым 20да эле экен, мүмкүнчүлүктор дагы да толтура экен. Маанайды түшүрбөй аракетти кыла берүү керек, көп нерсени пландап жатам насип этсе ишке ашырабыз… Кылчу иштерибиз көп. -Деп бир топ нерселерди айтып берди.. жазылгандар 1 эле окуясы, дагы көп нерсесин уктум, тамашалап айтып коём сен 20да болсоң да 35теги адамдын өмүрүн жашап жибергенсин деп…. Мен да ага ийгилик каалап койдум….

Нурсултан Зулпиев