Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан, Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын төрт кызматкери кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы,  мамлекеттик сатып алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бөлүмдүн мурдагы башчысы Н.Б., бөлүм башчысынын орун басары М.У. жана учурдагы кызматкер И.А. Мындан тышкары, коммерциялык уюмдун кызматкери катары Айбек Карымов кармалган. Баардыгы Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында отурушат.


«Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 24 миллион сомдон ашык суммадагы, муниципалдык менчик реестриндеги лифттерди модернизациялоо боюнча орунсуз келишим түзгөндүгү аныкталды. Бирок, бул иштин баасы кыйла төмөн болушу керек. Көз карандысыз эксперттик уюмдун корутундусуна ылайык, текшерилген лифттердин андан аркы иштеши кооптуу жана адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирип жатат ”, — деп айталат мекеме берген маалыматта.